Токтомдун максаты Кыргыз Республикасында хала (адал) индустриясын өнүктүрүү жакшыртуу болуп саналат
Концепция төмөнкү негизги багыттарды аныктайт:
- халал индустриясы жаатындагы мыйзамдык базаны жана ченемдик укуктук актыларды өнүктүрүү жана өркүндөтүү;
- халал индустриясынын инфраструктурасын, халал продукциясын өндүрүү боюнча ата мекендик ишканаларды өнүктүрүү жана заманбап техникалык каражаттар менен жабдуу;
- халал индустриясын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган шайкештикти баалоо жол-жоболорун кошкондо, халал продукциясынын шайкештигин баалоо системасын өркүндөтүү;
- мал чарбачылыгынын жана мал чарба продуктыларын кайра иштетүүнүн белгиленген толук өндүрүштүк цикл менен вертикалдуу интеграцияланган өнөр жай зонасын түзүү үчүн шарттарды түзүү;
- халал продукциясына автоматташтырылган байкоо жүргүзүү системасын киргизүү;
- соода түйүндөрүндө халал продукциясын сатуу эрежелерин киргизүү.

